Марал Радиосу

Гүлнур Сатылганова: «Атадан  алтоо болсоң  да, ар  жалгыздык  башта  бар»

«Мен жана мезгил» программасынын  бул жолку  коногу − Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз шоу-бизнесининде салмактуу орду бар, атагы  алыска  тараган  жана жагымдуу күлкүсү менен күйөрмандарын арбап алган Гүлнур Сатылганова.

— Чыгармачылыктын чыйыр  жолуна  өзүңүздү  байлап  койгон инсандардын  катарындасыз.  Мыкты, керемет  ырларды  элге  тартуулап  келе  жатасыз. Ушундай даражага, ийгиликке  жетүү  үчүн Гүлнур  айым  кандай чоң кадамдарды  жасады?

— Негизи мен үчүн чоң ийгилик — менин ырымды сүйүп уккан угармандарым, кыргыз элим. Себеби элдин сүймөнчүгү болуунун артында абдан татаал эмгек жатат − канча убакыт керек, канча эмгек керек. Ийгиликке жоопкерчиликтин аркасында гана  жетет деп ойлойм, ар бир жасаган ишиңди сүйүшүң керек, анан мына ушул нерселердин арты менин бүгүнкү күндөгү жетишкендигим, атактуулукту алып келген чыгармалар десем болот. “Жалгыз дарак токой болбойт”деген сөздү ар дайым айтып жүрөм. Мен өзүм эле ушундай ийгилике жетишкен жокмун, айланамда кесипкөй музыканттар, композиторлор, акындар менен иштешип келдим. Мына, ушул сахнада жүргөнүмө 35 жыл болуп калды. Ошондон бери көп  досторду таптым, жакшы таланттуу инсандар менен тааныштым, бир топ таланттуу адамдар чогуу иштештим. Анан ошолор менен бирдикте ушундай ийгиликти жараттым. Менин ийгилигим ошолордун да ийгилиги деп айтам. Мисалы, чыгармачылыгымда Эркин Мээркановдун канча ырларын ырдайм, ырларымды оранжировкалап келет. Мирлан Ниязов, акындардан Кыялбек Урманбетов, Кудрет Тайчабаров менен иштешип жүрөм. Акыркы кезде Жылдызбек Турсунбаев, Жылдызбек Кадыркулов,  ошол эле Чыңгыз Турдубеков, Райхан Бейшеналиева менен иштешип жүрөм. Көп жылдан бери, көзү өтүп кетсе дагы, Эрик Кадырбаевди айтышым керек, үн режиссёр Нурдин Төрөбеков студияда менин үндөрүмдү жазып жүргөн. Мына ушундай таланттуу адамдар менен иштешип жүргөн үчүн ушундай ийгилик  болду деп ойлоп жүрөм. Ал эми жаңы такшалып жүргөндө биринчи маданият үйүнүн алдындагы уюшулган “Миң кыял”деген топ менен чыккам. Кол телефон, компьютер дагы жок кезде биз жандуу үн менен концерт берип гастролдоп чыкчубуз. Андан кийин башка топтордо ырдаган жокмун, болгону Арсен Өмүралиев атындагы шаардык  жаштар театрында актриса болуп иштеп, ошол жерден бир спектаклде башкы ролду да ойнодум. Анан ошол жерде эле “Саамал” тобунда ырдадым.  Фольклордук топто, ал эми институтту бүткөндө болсо “Арашан” деген ыраматылык  Болот Эдигеев жетектеген топто ырдап,  аспапта дагы ойнойт элем. Мына ошондой топтордо ырдадым, көптөгөн адамдар менен иштешип жүргөн үчүн ушундай ийгиликтер болду десем болот.

— Кыргыз Республикасынын Эл артисти  наамын  көпчүлүккө  салыштырмалуу  эрте  алгансыз. Ошол кезде   сиздин  дарегиңизге  кандай  ой- пикирлер  айтылды  эле?

— 2008-жылы алгам, ошол кезде аябай тырышып көп иштедим. Кыргызстанды кыдырып кайрымдуулук концерттерди бердик, көп клип тарттым. Ошол кезде чыгармаларым биринин артынан бири хит болду. Мен наам бергенде адамдын жасап жаткан жумушун карап туруш керек деп ойлойм. Бизде Көркөм кеңеш бар, ошол кеңеш ким кандай иштеп жатканын караш керек. Деңгээли бийик чоң концерттерди берип иштеп жаткан кезде менин эмгегимди баалап, байкашты окшойт. Бул албетте, биринчиден күтүүсүз болду, өзүмө мен ушуга татыктуумунбу деген суроону берип жаттым. Жакын досторум, санаалаштарым чуркап, документимди өткөрүшкөн экен, анан алып калдым. Алар «Сен албасаң, жаштар алып баштайт» деген кеңештерин айтышты. Азыр деле ушундай жагдай болуп жатпайбы,  көп жылдан бери иштеп жүргөн татыктуу эжелер ала элек, анан кечээ чыга калып, бир ыр ырдап, ал хит болуп кетсе,  ошол үчүн алгандар толтура. Бул жерде акыйкаттык кичине жок болуп калып атат,  ошол нерсеге биздикилер жакшы карашпайт. Адамдардын  эмгегине караш керек, жашпы-карыбы, айырмасы жок.  Себеби,  бир топ жашка келип деле эч нерсе кылбай эле бир ырды ырдап коюп жүргөн ырчылар бар. Ал эми жаш болсо дагы көп иштеп, көп ырды ырдап, элге көп кызмат кылган да ырчылар  бар. Жашына эле карап бербестен, эмгегине карап бериш керек деп айтат элем. Бирок мен татыктуу эле алдым деп ойлойм, себеби ошол кезде көп эмгектенгем.

— Ошондо канча жашта элеңиз?

— Кырк жашта экенмин (күлүп). Жаш эмес го ал курак деле, сөзсүз эле алтымышка же жетимишке чыгып калганда бербеш керек да, эмгекке карап бериш керек.

— Актрисалыкты дагы аркалап калдым дедиңиз, канча жыл болду эле?

— 1992-жылы шаардык театрга иштеп калдык. Ал кезде театр жаңы ачылганына байланыштуу актёрлор жетишпей, жаш актерлор жок болуп,  «Каркыранын канаты» деген япониялык жомокту койгонбуз. Ошол жерде аял чымчык болуп келген жери бар, ошондогу аялды ойногом. Ал спектакль менен Ташкентке чейин барып экинчи орун алып келгенбиз. Бишкекте көп эле жолу койдук.

− Кийин эмне себептен бул кесипти таштап койдуңуз?

— Ал кезде актрисалар жетишпеген үчүн, театр жаңы ачылган үчүн эле  жаңы спектаклдерди коюш керек болуп, мени кыйнап эле ойнотуп коюшкан, бирок орус драма театрдын башкы режиссёру Владислав Пази деген режиссёр мени менен иштеди.  Ал мага аябай үйрөткөн, анан ошол роль аябай жакшы чыккан, кийин  Москвадан окуп келген актрисалар  келишти. Ошондон кийин мен «Саамал» тобунда эле ырдап калдым, көрсө мен ырчылыкка көбүрөөк тартат экем, актрисалыкка көп кызыкпай койдум.

— Кандай жаңы ырлардын бет ачары болот?

— Эми чынын айтсам, өзүм тынбай эле чыгармачылык менен иштеп, изденип журөм.  Чыгара турган ырлар бар, анан азыркы жагдайга байланыштуу чынында маанай дагы жок болуп калды. Себеби,  ошол жагдайды көрүп, адамдардын кыйналып жатканы маанайымды түшүрүп, азыр ырдаганга деле көп маанай келбей калды. Эми биз чыгармачыл адамдар ушундайбыз, бизге илхом керек.  Азыркы учурда  кайгылуу ырларды ырдагым келип калгандай жагдай келип калды. «Адамга адам керек» деген ырды чыгардык, азырынча ушундай болуп жатат.

— Жакын адамдарыңызды дагы четке түртүп койбостон күйүмдүүсүз, азыркы учурда жакындарыңыздын ден соолугу жакшыбы?

— Туугандарым арасында ооругандар бар, ошолорду карап жатабыз. Дарыларды алып берип, иммунитетин көтөрүү үчүн витаминдерди бердим. Кудай буюрса жакшы тилек кылсак, жакшы болуп кетет деп ойлойм.

— Пандемия сизди өзгөрттүбү, болсо кайсыл жакка?

— Албетте, өзгөрттү, мен чындыгында ушул нерсени жүрөгүмө жакын кабыл алып, депрессияга түшүп кеттим. Ыйлаган күндөрүм болуп жатат, кээде кармана албай, ыйлайм. Себеби, сезимталмын, чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү назик болот эмеспи, ошол себептен баарын эле жүрөккө  жакын кабыл алып жатам. Мен ушул жагдайдан кийин бир эле мен эмес, баардыгыбыздын эле адамга болгон мамилебиз өзгөрөт го деп ойлойм.  Себеби,  баарыбыз ынтымактуу болуп, адамдар бири-бирине жардам берип  жатышпайбы. Аябай  чоң өзгөрүү болот деп ойлойм. Адамдардын адамга болгон мамилеси дагы да бекемделет.

— Уулуңуз  Арнасты  качан  үйлөнтөсүз?

— Бул күн деле алыс эмес го. Ушул күндөн чыгып кетсек, жакында тойлор башталат, жакшылыктар болуп жыргап эле жүргөн экенбиз го баарыбыз.  Азыр ошол күндөр жок,  кесир да сүйлөп койдукпу деп ойлоп кетем.

— Адам жалгыз болгондо  өзүндө  чоң имунитет жаралат экен. Ошол  жоопкерчиликти сезип, койгон максатты өз алдынча ишке ашырууга  бел  байлайт  экенбиз. Ал эми жан дүйнөнүн жалгыздыгы  кайсыл  учурда  сезилет?

— Баары бир адам жалгызсырайт да. Анан эми жолдошу жок болуп жалгыз болгон башка деп ойлойм. Албетте ушул күндөрү деле билинип жатат.  Карантин башталгандан баштап үйдө олтурдум. Ошондо аябай жалгызсырадым, уулум деле жанымда, бирок  ал дагы өзү менен өзү,  компьютердин алдында бөлмөсүндө болот. Эми андай учурлар менде көп эле болуп  келет. «Атадан  алтоо болсоң  да, ар  жалгыздык  башта  бар».

— Качан ушул жалгыздыкты толуктайсыз?

−(Күлүп) Уулумду үйлөнтсөм  неберелүү болсом  анан  толукталат. Мен өзүмдү чыгармачылыкка арнап, баш-отум менен кирип кеткен адам катары көрөм. Эми алдыда уулум үйлөнүп, небере көрсөм деп эңсейм, анан баары Жараткандан. Ким билет, эми мага деле жакшы адам жолугуп калаар.

 

Exit mobile version