Марал Радиосу

Насыядан кыйналган ишкерлерге кошумча каржылоо болот

Банктар насыя алып кыйналып калган ишкерлерди кошумча каржылоо жаатында иш чараларды жүргүзүп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун негизинде 7 комплекстен турган иш-чаралар каралган. Анын негизинде насыялардан кыйналгандарга кошумча каржылоо болот.

Ошондой эле 7-8 пайыздык насыялар берилет.

Мындан сырткары чакан жана орто бизнес боюнча жарандарды жумуш менен камсыз кылууга багытталган бизнес долбоорлорду каржылай турган функциялар каралган.

Эл өкүлү кошумчалагандай, мамлекет өзүнүн жарандарын мамлекеттин ичинде жумуш менен камсыз кылганга  масштабдуу план менен кетиши керек.

Exit mobile version