Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Кызматтан кетпеген квартал башчысы

Коом , Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 750 | 1
Сүрөт интернеттен алынды

«Марал» радиосуна бир күн мурун Бишкектин Свердлов районуна караштуу №17 муниципалдык-аймактык кварталынын жашоочулары кайрылып, аймактын кварталдык комитетинин башчысына нааразылыгын айтып, тиешелүү кызматтар, акимиат канааттандырарлык жооп бербей жатканына даттанышты. 

№17 кварталынын жашоочуларынан нааразылык катарында кол тамгасын биздин редакцияга жеткирген Стамгүл Турдалиеванын айтымында, бул кварталдын башчысы 10 жылдан бери алмашпай келет. Ал эми шаардык кеңештин токтомунун негизинде кварталдык жетекчилер эки жылга гана шайланып, андан соң отчет берип туруусу керек.

  • Биз булардын 2 жылга шайланарын билген эмеспиз, 2018-жылы кварталдык башчыбыз отчет берип турушу керектиги тууралуу билип, элдер бир топ нааразычылыгын айтышкан. Ошондон кийин нааразы болгондордун башында тургандыгым үчүн мени куугунтуктап келет. Өзүм 2-топтогу майыпмын,  өкмөттүн жыл сайын берчү көмүрүн кырктырып, жашаган жерим боюнча справка жазып бербей жүрдү. Быйыл кайрадан дагы нааразычылык билдирип чыктык, акимиатка, дагы башка тиешелүү жактарга кайрылдык. Акимдин өзү жок экен, орун басары Азамат Жапаровго кирип айттык. Бирок канааттандырарлык жооп ала албадык, — дейт Стамгүл Турдалиева.

Анын кайрылуусунда, кварталдык комитеттин башчысы тургундардан ошол жерде жашаганы аныктыгы тууралуу маалымдаманы акы алып жазып берери да айтылган. Андан сырткары пандемияга байланыштуу борбор калаа карантинге алынганда ар тараптан гуманитардык жардамдар келип, аны тегиз таратпай, өзүнүн тааныштарына гана бөлүштүрүп бергенин даттанган.

  • Мен өзүм экинчи топтогу майыпмын. Бирок  өкмөттөн болгону бир кап ун тийди. Ал эми башкаларга 2-3 жолудан жардам берилип жатты. Тааныштардын айтканына караганда, аларга эң көбү 6 жолу азык-түлүк бөлүнүптүр. Бүт эле өзүнүн тааныштарына, жакындарына бөлүштүрүп берип койгон, — деп кошумчалады ал.

Турдалиеванын айтымында, №17 муниципалдык-аймактык кварталдын аймагында жарытарлык иш жасалган эмес. Балдар аянттары начар абалда.

 

 

Сөз болуп жаткан кварталдык комитеттин башчысы Гүлсүн Бабашева бул даттанууларды четке кагат. Ал “Марал” радиосунун суроосуна жооп берип жатып, Стамгүл Турдалиева №17 кварталда жашабай турганын, бирок үйү бар экенин айтты. Ал үйүн ижарага берип, квартиранттарды киргизген. Жеке ишкерлер, өкмөт, көз карандысыз уюмдар карантин учурунда жиберген азык-түлүктөрдү тегиз таратып, Турдалиеванын үйүндөгү ижарачыларга да бөлүштүрүп берген экен.

  • Мен Стамгүлдү экинчи топтогу майып деп, аяр мамиле кылып келем. Өзү №18 кварталда жашаганына карабай, карантинде өкмөттөн келген жардамдан бир кап ун жаздырып бергем. Ага да нааразы болуп, “унду курт басып кетиптир” деп келди. Биздин кварталдагы үйүнө дагы азык-түлүк алып барганыбызда ижарачылар “үйдүн кожоюнуна эле берип койсок болобу” деп суранып, Стамгүлгө берип жатты. 

Ал эми жашагандыгы тууралуу справканы жазып берүүдө элден акы талап кылбай турганын, өз ыктыяры менен кээ бир жашоочулар акысын берип турарын кошумчалады.

  • Негизинен өз ыктыяры менен “акысы” деп 5-10 сом таштап кеткендер көп. Мен эч кимден акысын төлө деп талап кылбайм. Ал эми топтолгон каражатка ар кандай майрамдарда тургундар үчүн иш-чаралар уюштурулат, балдар майрамында балдар үчүн оюн-зоок өткөрүлөт. Жеңиш күнү, Ата-мекенди коргоо күндөрү ардагер ата-энелер үчүн чакан концерттик иш чара өткөрөбүз. Ай сайын ишембилик өткөрүп, айлананы тазалап турабыз, ошондо жаш балдарга балмуздак, суусундук алып бергенге жарап калат, — дейт кварталдык комитеттин башчысы.

Кадрдык дайындоо, кварталдык жетекчилерди шайлоо маселеси боюнча Свердлов административдик районунун акимиаты комментарий берип, уюштуруу жана кадр бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Шабаева буларды айтты:

  • Муниципалдык аймактык башкармалыктан атайын кызматкерлер катышып, элдер өздөрү башчы шайлап алышат. Ага атайын кызматкерлер байкоо жүргүзүп, тартипти көзөмөлдөө үчүн аймактык милиция катышат. Жашоочулар өзүнүн талапкерин коюшуп, шайлоо добуш берүү аркылуу өткөрүлөт. Ал эми карантин учурундагы азык-түлүктү таратуу боюнча эч кандай маселе болгон эмес, себеби биздин акимиатта 5 линия күнү-түнү кызматта болуп, жашоочулардын арызын кабыл алып, дээрлик кайрылгандардын 95 пайызы азык-түлүк менен камсыз болуп жатты.

Муниципалдык башкармалыктын кварталдык комитетинин башчыларын эки жылдык мөөнөт менен тургундар шайлап алат. Мөөнөтү аяктаган соң элге отчет берип, элдин каалоосу менен иштейт, же жаңы жетекчи шайланат. Шайлоо эрежелери Бишкек шаардык кеңештин №232 токтомунун негизинде болот.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров

1 пикир

1 пикир

  1. Догдурбек

    06.08.2020 14:55

    Шайлоодо да домкомдор катуу иштеп беришет окшойт негизи, ээ? 🙂

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM