Марал Радиосу

Бишкек: Кызматтан кетпеген квартал башчысы

«Марал» радиосуна бир күн мурун Бишкектин Свердлов районуна караштуу №17 муниципалдык-аймактык кварталынын жашоочулары кайрылып, аймактын кварталдык комитетинин башчысына нааразылыгын айтып, тиешелүү кызматтар, акимиат канааттандырарлык жооп бербей жатканына даттанышты. 

№17 кварталынын жашоочуларынан нааразылык катарында кол тамгасын биздин редакцияга жеткирген Стамгүл Турдалиеванын айтымында, бул кварталдын башчысы 10 жылдан бери алмашпай келет. Ал эми шаардык кеңештин токтомунун негизинде кварталдык жетекчилер эки жылга гана шайланып, андан соң отчет берип туруусу керек.

Анын кайрылуусунда, кварталдык комитеттин башчысы тургундардан ошол жерде жашаганы аныктыгы тууралуу маалымдаманы акы алып жазып берери да айтылган. Андан сырткары пандемияга байланыштуу борбор калаа карантинге алынганда ар тараптан гуманитардык жардамдар келип, аны тегиз таратпай, өзүнүн тааныштарына гана бөлүштүрүп бергенин даттанган.

Турдалиеванын айтымында, №17 муниципалдык-аймактык кварталдын аймагында жарытарлык иш жасалган эмес. Балдар аянттары начар абалда.

 

 

Сөз болуп жаткан кварталдык комитеттин башчысы Гүлсүн Бабашева бул даттанууларды четке кагат. Ал “Марал” радиосунун суроосуна жооп берип жатып, Стамгүл Турдалиева №17 кварталда жашабай турганын, бирок үйү бар экенин айтты. Ал үйүн ижарага берип, квартиранттарды киргизген. Жеке ишкерлер, өкмөт, көз карандысыз уюмдар карантин учурунда жиберген азык-түлүктөрдү тегиз таратып, Турдалиеванын үйүндөгү ижарачыларга да бөлүштүрүп берген экен.

Ал эми жашагандыгы тууралуу справканы жазып берүүдө элден акы талап кылбай турганын, өз ыктыяры менен кээ бир жашоочулар акысын берип турарын кошумчалады.

Кадрдык дайындоо, кварталдык жетекчилерди шайлоо маселеси боюнча Свердлов административдик районунун акимиаты комментарий берип, уюштуруу жана кадр бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Шабаева буларды айтты:

Муниципалдык башкармалыктын кварталдык комитетинин башчыларын эки жылдык мөөнөт менен тургундар шайлап алат. Мөөнөтү аяктаган соң элге отчет берип, элдин каалоосу менен иштейт, же жаңы жетекчи шайланат. Шайлоо эрежелери Бишкек шаардык кеңештин №232 токтомунун негизинде болот.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров