Марал Радиосу

Бир суткада 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда бир сутка ичинде 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:
• Ош ш. – 13;
• Жалал-Абад облусунда – 13;
• Ош облусунда – 2;
• Баткен облусунда – 6;
• Ысык-Көл облусунда – 2;
• Нарын облусунда – 1.

Ошол эле учурда бир суткада 5 медициналык кызматкер айыкты, үй карантининде дарыланып жаткан 34 медициналык кызматкер да сакайды.

COVID-19 вирусун жалпы 2911 медик жуктуруп алган, анын 1973ү сакайды.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 38 миң 659ду түзөт. Анын ичинен 30 миң 99 киши айыгып, 1447 адам каза болду.