Марал Радиосу

Шайлоо: Ырчы Анжелика 5 партиядан сунуш алды

Ырчы Анжелика Кайратова парламенттик шайлоого баруу үчүн 5 партиядан сунуш түшкөнүн Instagram баракчасына жазды.

Ал сунуштарга жооп бере электигин, саясатка барууга ою болбогонун айтат. Бирок элдин суранычы, ишеничи анын пикирин өзгөрткөн.

“Элдин берип жаткан деми, суранычы “балким, сен деле өзгөрүү киргизип, тытынып иштеп берерсин, сага ишеничибиз чоң”, дегендерин угуп, өз көзүм менен көрүп жаткан көйгөйлөрдүн үстүндө иш алып барууга мүмкүнчүлүгүм бар экенин сезип турам. Сиздер менен акылдашам”, -деп айтылат билдирүүсүндө.

Анжелика катталуучуларына кайрылып, элге кызмат кылууну саясатка барып, же барбай эле жасай берейинби деген суроо калтырган.