Марал Радиосу

Футбол: Шоро премьер лигасы жанданат

Кыргызстанда футбол боюнча Шоро премьер лигасы жанданат. Ал буга чейин пандемияга байланыштуу убактылуу токтотулган эле. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футбол лигасы маалымдады.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин чечими менен Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алып, турнирди эки айлампа менен өткөрмөй болду.

7-августта кайрадан старт алчу турнир коронавирус инфекциясына байланыштуу Кант шаарында күйөрмансыз өтөт. Беттешти “Кыргыз Спорт ТВ” каналы түз эфирде көрсөтөт. Бул кабарды Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын маалымат катчысы Нурсултан Асаналиев “Марал” радиосуна ырастады.

Анын айтымында, буга чейин “Лидер чемпион” командасы мелдештен четтетилген. Ал эми азыркы учурда турнирге катышкан командалардын жалпы саны — 8.

Эске салсак, бул турнир буга чейин жыл башында старт алып, төрт команданын беттешүүсүнөн кийин эпидемиологиялык абалга байланыштуу токтотулган. Беттештерде “Дордой” футболдук командасы “Нефтчини” 2-1 эсеби менен жеңип алса, “Каганат” — “Алга” командалары тең чыккан.

Кыргызстанда Шоро премьер лигасы тайпалык баскычтар менен  өтүп, эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталат.

Автор Сагын Сабыров