Марал Радиосу

Быйыл окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабы коюлбайт

Быйылкы окуу жылында окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү уюмдарында окуучулардын бирдиктүү мектеп формаларын талап кылбоо чечими кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка кол коюлуп, региондорго жөнөтүлдү», — деди Өмүров.

Быйыл мектептерде окутуу процесси онлайн жүргүзүлөт. Бирок 1-класска бара турчу балдарды мектепте окутуу маселеси ушул айдын ичинде толук чечилет. Учурда ар бир аймактардагы абалга байланыштуу мониторинг жүргүзүлүп жатат.