Марал Радиосу

Коронавирустан айыккандардын саны 30 миңге жакындады

Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) жалпы 29 миң 510 бейтап айыкты. Акыркы бир суткада 767 адам үйлөрүнө чыгарылды.

Өлкөдө 5-августка карата коронавирустун 569 жаңы учуру катталды. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, вирус жуктургандардын жалпы саны 38 миң 110го жетти.

COVID-19 вирусу жалпы 2874 медикке жуккан, анын 1934ү айыкты.