Марал Радиосу

Нурболот Үсөнбаев 6-августтан тарта ишке чыгат

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруканадан чыгарылды. Ал  6-августтан тарта ишке чыгат. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айнура Акматова брифингде кабарлады.

Нурболот Үсөнбаев пневмония диагнозу менен Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов да коронавирустан айыгып, жумушка чыккан.