Биз менен байланышыңыз

«Ильшат» коомдук фонду министрликке беш тез жардам унаасын алып берди

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 837 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине беш тез жардам унаасы тапшырылды. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, автоунааларды «Ильшат» коомдук фонду алып берген.

Төрт автоунаа министрликке тапшырылды. Ал эми бир тез жардам унаасы буга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган фонддун өкүлү Тилек Жээнбековдун айтымында, ар бир автоунаанын наркы 26 миң АКШ долларын түзөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, тез жардам унааларынын экөөсү Бишкек шаарындагы №3 шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасына, экөөсү Ош шаарындагы облустар аралык балдар ооруканасына тапшырыларын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM