Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев 4-августта ыктыярчылар менен жолугушту. Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун 21-июль күнү ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү жана активисттер менен жолугушуусунун жыйынтыгы талкууланды.
Алмаз Кененбаевдин айтымында, президент менен болгон жолугушууда айтылган маселелердин 70%дан ашыгы аткарылды. Тактап айтканда, койко-орундарды каттоо боюнча автоматташтырылган маалымат тутуму иштелип чыкты, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бул тутум сыноодон өткөрүлүп жатат.
Ошондой эле COVID.KG сайты менен Каржы министрлигинин сайтында донордук жардамдар боюнча маалымат жана «Бирге» координациялык порталында жеке коргоочу каражаттар, дары-дармектер, медициналык жабдуулардын керектелиши боюнча маалымат жайгаштырылган.
Мындан сырткары, республика боюнча 12 саламаттыктыкты сактоо объектисинде курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ыктыярчылар менен болгон жолугушууда демөөрчүлөрдүн жардамы менен келген жеке коргоочу каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо боюнча жоопкерчиликти күчөтүү, медициналык мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин комиссия менен кароо сунушталган.
Медицина кызматкерлерине компенсациялардын көлөмү 30%га көбөйтүлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги 120 медикти Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу мекемелерге жиберди.