Марал Радиосу

5-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

5-августта түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Таласта түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында 5-августта түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз күн бүркөлүп, түштөн кийин күн күркүрөшү мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.