Марал Радиосу

Коронавирус: Европа жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө

Француз курортторунда, Жер Ортолук Ривьера, Атлантикада шаарлардын борборунда, негизги соода көчөлөрүндө жана жээктерде милдеттүү түрдө беткап кийүү киргизилген.

Euronews маалымдагандай, өлкөдө майрам күндөрү, үйлөнүү үлпөтүндө жана башка көп сандаган адамдардын катышуусунда өткөрүлүүчү үй-бүлөлүк жолугушууларга байланыштуу 140ка жакын инфекциянын очогу катталган.

Парижде жарандар коркуп жатат. Ар бир экинчи адам «мындай чаралар болбогондо, өлкө кайрадан карантинге алынат жана экономика мындан ары туруштук бере албайт» деген ойду айтат.

COVID-19 эпидемиясынан улам толугу менен жабылган Лестерде бир айдан кийин изоляция чаралары жеңилдей баштайт.

Ошол эле учурда, Чоң Манчестер шаарларында жергиликтүү бийлик, тескерисинче, карантин киргизип жатышат.

Испанияда туризм индустриясы токтоп калды, бирок Мадрид улуттун ден-соолугун сактоо экономикалык пайдадан да маанилүүрөөк экендигин жана жергиликтүү деңгээлде жаңы чектөөлөрдү киргизип жаткандыгын баса белгиледи. Бул тууралуу Иберия Королдугунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Фернандо Саймон брифингде билдирди.

«Инфекциянын катталган очоктору үй-бүлөлөрдө, майрам күндөрү, туугандары чогулган жерлерде пайда болот, инфекциянын экинчи булагы — барлар жана клубдар», — деди ал.

Ошондуктан, борбор шаарда мындай мекемелердин иши буга чейин эле чектелген.

Ушундай эле иш-чаралар атактуу майрам аралы Ибицага да колдонулат. Жаштар Европанын ар кайсы жеринен көңүл ачуу үчүн келген бул курортто клубдук жашоо минималдуу сакталат, бий кечелерине тыюу салынат.

Литвада башка Балтика өлкөлөрү менен катар жол жүрүү үчүн чек араларды ачкан өкмөт, инфекциясы жогору болгон жерлерден кайтып келгендер үчүн өзүнчө обочолонуу режимин киргизүүдө.

Расмий Вильнюс «республикадан тышкары жеке сапарлардын бардыгын жокко чыгаруу жакшы» деп жарыялап, инфекция жуккандардын саны көбөйсө, чек араны дагы жаап коюшу мүмкүн экенин эскертет.