Марал Радиосу

1-сентябрга чейин транспорт салыгын төлөө керек

2020-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Жарандар салык органына барбастан өзү үчүн ыңгайлуу салыктын төлөө ыкмасын тандай алат. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.