Марал Радиосу

Британиялык аял коронавирусту 141 күндө жеңип чыкты

35 жаштагы  британиялык Фатима Бредл коронавирус менен ооруканада 141 күн жатып, айыгып чыкты. Бул коронавирустун калыбына келтирүү убактысы боюнча эң узак рекорд экенин чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Бридлде коронавирус катуу формада өтүп, өпкөсү иштебей калган.

Ошол себептен аял көпкө чейин реанимация бөлүмүндө дарыланган. Тактап айтканда, ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, 1,5 ай бою комада жаткан.

Дарыгерлердин айтымында, Бридлде өпкө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганда аман калууга 40 пайыз мүмкүнчүлүк болгон. Бирок  аял комада калганда ал мүмкүнчүлүк акырындык менен төмөндөп кеткен.