Марал Радиосу

Нарында 70 орундуу оорукана курула баштады

Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула баштады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, пандемиядан улам учурда өлкөнүн бардык аймактарында эски имараттар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, оорукана катары пайдаланууга даярдалып жатат.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имарат курулат. Ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты бөлүнүп, курулуштун алгачкы жумуштары башталды.

70 орундуу оорукананын жыйырмасы реанимациялык орунга ылайыкталат. Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда бош жаткан имараттарды оңдоп-түзөп, оорукана катары пайдаланууга берүүнү тапшырган.