Марал Радиосу

Кыргызстан азырынча эл аралык аба каттамдарын жанданта албайт

Орусия Кыргызстан менен эл аралык аба каттамдарын жандантуу сунушуна макул болгон жок. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, азырынча чартердик каттамдардын саны көбөйтүлөт. Эл аралык аба каттамдары август айы ичинде толук ишке ашпайт.

Түркия менен да чартердик каттамдар көбөйтүлүп, аны Turkish Airlines, Pegasus жана Avia Traffic компаниялары жүргүзөт.

Ал эми Бириккен Арап Эмираттарынан Air Arabia жана Fly Dubai компаниялары аркылуу жумасына эки жолу чартердик каттам аткарылат.

Буга чейин август айынан тарта эл аралык авиакаттамдар жанданары айтылган. Кыргызстан эң алгач Орусия, Казакстан, Түркия жана Бириккен Арап Эмираттары менен каттамдарды жандантууну пландаган.

5-августта «Марал» радиосунун түз эфиринде эл аралык авиакаттамдарды жандантуу маселеси талкууланат. Аны эртең мененки саат 08.20да «Маралдын» Фейсбуктагы түз эфиринен көрүп, радиодон түз уга аласыз.

Exit mobile version