Марал Радиосу

4-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

4-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облусунун аймактарында өткүн өтүп күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34 градус болот;

Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Нарын жергесинде түнкүсүн  +5…+10, күндүз +22…+27.

Бишкекте 4-августта жаан жаабайт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус болот.