Марал Радиосу

COVID-19: Бир суткада 11 бейтап каза болду, 410 учур жаңы катталды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 11 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова кабарлады.

Анын ичинде, Бишкек шаарында 4 бейтап каза болду, Ош ш– 1, Чүй облусу – 1, Нарын облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 3, Баткен облусу – 1.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1420га жетти.

3-августка карата коронавирустун жаңы 410 учуру катталды. Вирус жуктургандардын жалпы саны 37 миң 129га жетти.

Аймактар боюнча алганда бир суткада катталган жаңы учурлар төмөнкүдөй бөлүнөт:

-Бишкек — 94;
Ош – 47;
Чүй облусу – 33;
Ош облусу — 79;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 66;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу — 34 учур.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 653 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен бул оорудан айыккандардын саны 27 миң 927ге жетти.