Биз менен байланышыңыз

Германияда кызмат иттери коронавирусту аныктоого үйрөтүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 412 | 0

Германияда кызмат иттери коронавирусту аныктоого үйрөтүлөт. Бул тууралуу Евроньюс басылмасы жазды.

Жазында эпидемиянын курчуп турган мезгилинде илимпоздор иттердин коронавирусту жыт менен аныкташы мүмкүн экендигин аныкташкан. Андан кийин, бир катар өлкөлөр бул ачылышты коомдун кызыкчылыгына колдонуунун канчалык деңгээлде реалдуу экендиги жөнүндө ойлоно башташкан.

Эксперименттердин натыйжасында, Ганновердеги аскердик иттер коронавирус бар экендигин 94 пайыздык тактык менен жыт аркылуу аныкташкан. Кантип аныкташканы азырынча табышмак бойдон. Бирок бул көрсөткүч кээ бир тесттик текшерүүлөргө караганда так көрсөткөн.

Азыр эксперттер аэропорттордо жана вокзалдарда тейлөөчү иттерди баңги заттардын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшкө тарткандай иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM