Марал Радиосу

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумдар онлайн өтөт

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумдар онлайн өтөт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Буга чейинки отурумдарга жактоочулар толук келбегендиктен улам жылдырылып жаткан.

Бүгүн, 3-августта өтө турчу отурумга Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев катышууга макулдук бергенин, анын саламаттыгы жакшы экенин жактоочусу кабарлады.

2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.