Марал Радиосу

Президент эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Президент Сооробай Жээнбеков 3-4-август күндөрү эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Өлкө башчы Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Ак-Суу районунда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартындагы медициналык жана айыл чарба объектилерин көрөт.

Мындан тышкары, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын  ишмердүүлүгү, калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат.