Марал Радиосу

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечимди Талас райондук соту кабыл алган.

30-июль күнү болжол менен кечки саат 17:30да Көк-Токой айылында «Toyota 4Runner» унаасынын айдоочусу жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин жол жээгинде турган «Мерседес Бенц» унаасын сүзгөн.

Жыйынтыгында велосипедчен адам ооруканага жеткирилген. 31-июлда ал алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Аны сүзгөн адам Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев экендиги, ал мас абалында болгондугу айтылган.