Марал Радиосу

Дагы 19 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты

Жаңы учурлар:

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 41 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2809 учур катталды, алардын ичинен 1812 медкызматкер айыгып чыкты.