Марал Радиосу

Индияда кран кулап, 11 адам каза болду

Индияда көлөмдүү кран кулап, 11 адам набыт болду.

ANI агенттигинин маалыматына ылайык, Индиядагы Вишахапатнам портунда Hindustan Shipyard верфинде кран кулап түшкөн.

Кырсыктан дагы беш адам жаракат алган. Окуянын видеосунда жакында орнотулган алп крандын жерге кулап түшкөндө бир нече бөлүккө сынып кеткени көрсөтүлгөн.

Кран аны орнотуп жаткан жумушчулардын үстүнө түшкөн. Окуя боюнча тергөө иштери башталды.