Биз менен байланышыңыз

Президент: 1-класска келе турчу балдарды мектепте окутуу маселеси каралып жатат

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 6629 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл жаңы окуу жылынын башталышында 1-класска бара турчу балдарды мектепте окутуу маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

«1-класска келчү балдарыбызды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айттым. Аларды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк алып келет деген ойдомун. Ошондуктан, азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат«, -дейт президент.

Жээнбеков билим берүү тармагын санариптештирүү уланарын айтып, быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга аралыктан тапшырышканын мисал келтирди. Президенттин оюнда бул ата-энелерге, балдарга да ыңгайлуу болду.

«Мурдагыдай, алыскы айылдардан 1 ай мурда Бишкекке келип, ата-эне түйшүк тарткан жок. Балдар ошол жашаган райондордон эле тандаган кесиби боюнча аралыктан тапшырып, бир топ ашыкча чыгымдан кутулушту. Адам факторунун кийлигишүүсү жоюлду. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик болду. Саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүүнү күчөтөбүз«, -деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Билим берүү жана илим министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процесси аралыктан окутуу менен башталарын кабарлаган.

Эгер санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси да өзүнчө каралат.

Copyright © 2017 Maral FM