Марал Радиосу

Өлкөдө болгон жеке коргонуучу каражаттардын саны айтылды

Учурда өлкөдө 2 млн 662,7 миң беткап бар. Бул тууралуу кечээ өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдө болгон жеке коргонуучу каражаттардын саны боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында:

— дезинфекциялоочу каражат — 442 миң 123 даана;
— бир жолу колдонулуучу костюмдар — 328 миң;
— көп жолу колдонулуучу костюмдар — 24 миң;
— FFP2 респиратору — 246 миң;
— FFP3 респиратору — 74 миң;
— респиратордун башка түрлөрү — 36 миң;
— бахилалар — 710 миң;
— коргоочу көз айнектер — 82 миң;
— колкаптар — 4 млн 776,9 миң бар.