Марал Радиосу

Бир суткада 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бишкекте — 2, Ош шаарында — 4, Ош облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 6, Талас облусунда 1 жана Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды.

Ошол эле учурда 6 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининде дарыланып жаткан 44 медициналык кызматкер да сакайды.

COVID-19 вирусун жалпы 2768 медициналык кызматкер жуктурган, анын 1714ү айыгышты.

Кыргыстанда 31-июлга карата коронавирус жалпы 35 миң 805 адамга жукту. Анын  25 миң 526сы айыгып, 1378и каза болду.