Марал Радиосу

Японияда социалдык аралыкты сактоонун жаңы чарасы сунушталууда

Японияда коронавирустан коргонууда социалдык аралыкты өлчөө чарасы катары ачык кол чатырларды колдонуу сунушталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Жалпысынан жай мезгилинде күндөн коргонуу үчүн кол чатыр колдонуу япондордун арасында кеңири жайылган.

«Диаметри бир метр болгон ачык чатыр адамдарды бири-биринен керектүү аралыкты сактоого мажбурлайт» деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кол чатыр беткап кийүү зарылдыгын жокко чыгарат. Ал ысык жана жогорку нымдуулук шарттарында күн нурунун соккусуна алып келиши мүмкүн.