Марал Радиосу

Ош бажычылары 7 тонна күрүч аткезчилик менен алып келингенин аныкташты

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ЕАЭБдин аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 7 тонна күрүчтү колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунда А.Б.М., аттуу кыргыз жараны башкарган “Камаз” үлгүсүндөгү транспорт каражаты текшерилген.

Унааны текшерүү учурунда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7 миң кг болгон ак күрүч табылган. Кармалган товардын баасы 735 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.