Марал Радиосу

ӨКМ коронавирустан каза болгон кызматкерлерин эскерди

Бүгүн, 30-июль − Кыргызстанда коронавирустан каза болгон мекендештерди эскерүүгө арналган улуттук Аза күтүү күнү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенген айрым кызматкерлер да бул оору менен күрөшүп, акыры өмүрлөрү менен кош айтышкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жана министрликтин жалпы жамааты каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арнап, эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

«Каза болгон кызматкерлерибиздин үй-бүлөсүнө, ата-энелерине кандай жардам, муктаждык керек болсо, бардык аракетибизди жумшайбыз», -деди министр.