Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15 … 20 °C, күндүз 27 … 32 °C;
Талас облусунда түнкүсүн 11 … 16 °C, күндүз 25 … 30 °C;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 18 … 23 °C, күндүз 31 … 36 °C
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10 … 15 °C, күндүз 21 … 26 °C;
Нарында түнкүсүн 7 … 12 °C , күндүз 21 … 26 °C;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 18 … 20 °C, күндүз 30 … 32 °C.