Марал Радиосу

Коронавирусту жуктургандардын саны 17 миллиондон ашты

Жонс Хопкинс университетинин, федералдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка ачык булактардын маалыматтарын жалпылап алганда дүйнөдө коронавирустун жаңы түрүн жуктурган учурлардын саны 17 миллиондон ашты.

Университеттин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциянын саны 17 млн 29 миң 155ке жетип,  COVID-19 илдетинен 667 миң 11 адам көз жумган.

9 млн 948 миң 163 адам айыгып чыккан.

11-мартта Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жаңы COVID-19 коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.