Марал Радиосу

Бир топ мамлекеттин башчылары кыргызстандыктарга көңүл айтышууда

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан коронавирустан көз жумгандарды эскерип жатканына байланыштуу кыргыз элине жана өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго көңүл айтты.

«Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктарга тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргыз тарап биздин колдон келген жардамыбыз менен колдообузга ар дайым таяна аларына ишендирип кетким келет», -деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү. Бул күн өлкөдө коронавирустун курмандыктары эскерилип жатат. Буга байланыштуу бир топ мамлекеттин башчылары Кыргызстанга көңүл айтышууда.

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко да президент Сооронбай Жээнбеков жана өлкө элине көңүл айтып, жакындарын жоготкон адамдардын кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Владимир Норов да кыргызстандыктардын азасын тең бөлүшүп, көңүл айтуу телеграммасын жиберди.

«Боордош Кыргызстан элинин азасын тең бөлүшүү менен, учурда ооруп жаткандардын толук айыгып кетишине ишеним артабыз. Учурдан пайдаланып, өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салуу менен бейтаптарды дарылап, кесиптик милдеттерин аткарып жатышкан дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин өз жандарын аябастан кызмат кылып жаткандыктарын белгилеп кетким келет», — деп айтылат ШКУнун Башкы катчысынын билдирүүсүндө.