Кыргызстандын мурдагы элчиси Кылычбек Султан буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурактан өтүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеп жүргөндө, кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки өндүрүшкө алынган бир катар эпизоддор боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
2020-жылдын 27-июлунда Кылычбек Султан жогорудагы иш боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКнын тергөө органдарына күбө катары чакырылган.
«Бирок Кылычбек Султан көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыктан тергөө амалдары жылдырылды», — деп айтылат маалыматта.