Марал Радиосу

«Ата-Бейитте» коронавирустан каза болгондор эскерилип, Куран окулду

Бүгүн, 30-июлда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон жарандардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Маркумдарга багышталып Куран окулду.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек  Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус илдетинен 1347 бейтап бул дүйнө менен кош айтышты. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, белгилүү коомдук жана саясий, маданий ишмерлер, ыктыярчылар жана башкалар бар.

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.

Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар аткарылып, анын ичинде бүткүл аймактарда, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялар аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотот.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 34 миңден ашты. Илдеттен сакайгандар 23 миң 343кө жетти.