Марал Радиосу

Таиландда өзгөчө кырдаал режими 31-августка чейин узартылды

Таиланддын министрлер кабинети COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды 31-августка чейин узартты. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү Нарумон Пиносимват билдирди.

«Коронавирус пандемиясынан улам, министрлер кабинети тарабынан өзгөчө кырдаал 31-августка чейин узартылды», — деди ал.

Таиландда 26-мартта өзгөчө кырдаал киргизилип, бүгүнкү күнгө чейин үч жолу узартылды.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 3300 адам коронавирусту жуктуруп, 58 адам көз жумган.