Марал Радиосу

Министрлик: 560 миңден ашык адам социалдык төлөмдөрдү убагында алды

Бүгүн, 29-июлга карата республика боюнча 525 миң 105 муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен — 64 миң 497 сом, демөөрчүлүк жардам — 285 миң 538 сом, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебинен — 26 миң 616, өкмөттүн токтому менен 148 миң 454 сом сарпталды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиевдин айтымында, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал, өзгөчө абалды киргизүү учурунда социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандарды колдоо үч багытта жүргүзүлдү — гуманитардык/каржылык, социалдык кепилдиктер жана кошумча жардамдарды уюштуруу.

Ошондой эле, документтерди талап кылуусуз социалдык төлөмдөрдүн/кепилдиктердин мөөнөттөрү узартылган.

Министрлик орточо эсеп менен 560 миңден ашуун адамга социалдык төлөмдөрдү берди.

Республика боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн 9181,75 тонна гуманитардык жардам бөлүнгөн. Анын ичинде 327,792 тонна кумшекер Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүштүрүлүп берилген.

Акча каражаттын түшүшү жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө бардык маалымат Министрликтин www.mlsp.gov.kg расмий веб-сайтында, ошондой эле www.help.covid.kg сайтында жайгаштырылат.

Exit mobile version