Марал Радиосу

Коронавирустан айыккандар көбөйүүдө (кеңештер)

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1047 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Оорудан айыккандарды аймактар боюнча бөлүп караганда, Бишкек шаарында бир суткада 389 бейтап айыкты, Чүй облусу боюнча – 117, Ош облусу – 95, Талас облусу – 52, Нарын облусу – 31, Ысык-Көл облусу – 110, Жалал-Абад облусу – 92, Баткен облусу – 61, Ош шаары – 100 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 23 миң 343кө жетти. Вирус жуктургандар учурда 34 миң 512ни түзүүдө. Бул илдеттен 1347 бейтап каза болду.

Адистер коронавирустан айыккан жарандарга бир топ кеңештерди беришет. Ден соолукту чыңдоо республикалык борбордун директору Нурила Алтымышеванын айтымында, коронавирустан айыккандан кийин организмди калыбына келтирүү бир топ убакытты алат.

Ал үчүн суюктукту көп ичүү, курамында С витамини бар жашылча-жемиштер, майсыз, куурулбаган эт, жумуртка, кычкылдандырылган сүт азыктарын көп жеш керек. Ошондой эле куурулган, туздалган тамактар сунушталбайт.

Организмди калыбына келтирүүдө физикалык активдүүлүк чоң таасир этет. Физикалык көнүгүүлөр канчалык деңгээлде болушун дарыгериңиз менен кеңешип, аныктап алсаңыз болот. Мындан тышкары, дем алуу органдарына да бир күндө 10-15 мүнөт көнүгүү жасоо сунушталат. Ал канды кычкылтек менен байытууга жардам берет. Айыккандан кийинки биринчи күндөрү денеге көп күч келтирбеш керек. Таза абада 30 мүнөт басуудан баштаса болот.

Ооруп айыккандар да сөзсүз түрдө санитардык-гигиеналык эрежелерди сакташы керек.