Марал Радиосу

Ош шаарында шайлоо участкалары дезинфекцияланды

28-июль күнү Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы Амир-Тимур, Курманжан-Датка, Манас-Ата, Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарында жайгашкан шайлоо участкалары, азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, банктар, дарыканалар, тротуарлар жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.
Бул иш-аракеттер Республиканын бардык аймактарында улантылууда.
Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатынд өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарынын аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.