Марал Радиосу

Жумабеков 20 ыктыярчыга Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан 20 ыктыярчыга Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилет. Бул тууралуу Жумабеков менен “Демилгелүү жаштардын борбору” ыктыярчылар тобунун жолугушуусунда маалым болду.

Төрага пандемия маалында жардам берип жаткан ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, алардын эмгегин баатырдык деп сыпаттады.

Ал ыктыярчылар оор жумуш аткарып, руханий жактан да чарчаган учурлары болорун, муну эске алуу менен аларды Ысык-Көлгө эс алууга жиберүүнү туура көрдү. Ыктыярчылар “Алтын-Көл” эс алуу жайына бармай болушту.