Марал Радиосу

Новосибирскте Кыргызстандан барган 9 адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын Новосибирск шаарына Кыргызстандан барган 9 жүргүнчүдөн коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун аймактык башкармалыгынын жетекчиси Александр Щербатов билдиргенин «Комсомольская правда» гезити  жазды.

-Алар 23-июлда обсервацияга алынып, изилдөө жүргүзүлдү. 9 жүргүнчүдөн коронавирус тастыкталды. Аталган жарандар 2 жума обсервацияда болушат, — деди Щербатов.