Марал Радиосу

COVID-19: 8 медициналык кызматкер айыгып, дагы 8и жаңы катталды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар Ош шаарында – 3 учур, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3, Талас облусунда – 1 учур.

Ошол эле маалда, акыркы бир суткада коронавирустан 8 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Мындан сырткары үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып, чыгарылды.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 2691 учур катталып, анын 1520сы айыкты.