Марал Радиосу

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси дайындалды. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, бул кызматка Адилет Малдыбаев келди.

Адилет Малдыбаев буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратын буга чейин Балбак Түлөбаев жетектеп келди. Ал 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.