Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 28 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 10 учур, Ош шаары — 1, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 1, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 2, Жалал-Абад облусунда– 9 учур.
Коронавирустан көз жумгандардын саны өлкөдө 1329га жетти.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 548 учуру катталды:
-Бишкек шаарында — 139;
—Ош шаарында – 33;
-Чүй облусунда – 36;
—Ош облусунда — 65;
—Талас облусунда – 30;
—Нарын облусунда – 36;
—Ысык-Көл облусунда – 83;
—Жалал-Абад облусунда – 101;
—Баткен облусунда — 25 учур.
Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 33 миң 844кө жетти. Илдеттен бир суткада 1091 адам айыкты, жалпы айыккандардын саны — 22 миң 296.
Учурда ооруканаларда 10 миң 227 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. (Тастыкталган коронавирустан 4428 адам, пневмониядан 5799 бейтап).