Марал Радиосу

COVID-19: Бир суткада 28 адам каза болуп, 548 жаңы учур катталды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 28 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 10 учур, Ош шаары — 1, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 1, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 2, Жалал-Абад облусунда– 9 учур.

Коронавирустан көз жумгандардын саны өлкөдө 1329га жетти.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 548 учуру катталды:

-Бишкек шаарында — 139;
Ош шаарында – 33;
-Чүй облусунда – 36;
Ош облусунда — 65;
Талас облусунда – 30;
Нарын облусунда – 36;
Ысык-Көл облусунда – 83;
Жалал-Абад облусунда – 101;
Баткен облусунда — 25 учур.

Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 33 миң 844кө жетти. Илдеттен бир суткада 1091 адам айыкты, жалпы айыккандардын саны — 22 миң 296.

Учурда ооруканаларда 10 миң 227 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. (Тастыкталган коронавирустан 4428 адам, пневмониядан 5799 бейтап).