Марал Радиосу

ЖОЖдор БАЭнин «Зайед» университетинин профессорунун көзү менен

Өткөн жумада Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары 2020-2021-жаңы окуу жылында аралыктан билим аларын билдирди. Ал эми жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү кандай болору тууралуу азырынча мааалымат бериле элек. Министрлик университеттер салттуу окутууга да, дистанттык форматта билим берүүгө да даяр экенин «Марал» радиосуна маалымдады. Эгерде аралыктан окутуу формасы тандалып алынса;

Кыргызстанда университеттердин даярдыгы кандай?

Окуу жайлар дагы кандай өзгөртүүлөргө барышы керек?

ЖОЖдун окутуучулук курамы кайсыл жөндөмдөрүн өнүктүрүшү кажет деген суроолор жаралды.

Бул суроолорго Бириккен араб эмираттарынын Дубай шаарындагы «Зайед» университетинин профессору Жалалидин Жээнбай жооп берди.

— Кыргызстанда ЖОЖдордун дистанттык окутуу деңгээлине кандай баа бересиз? Чет элдик тажрыйба менен салыштырганда, кандай кемчиликтер байкалды?

— Пандемиядан улам көпчүлүк окуу жайлар онлайн, дистанттык окутууга өттү. Алгач мен иштеген университеттин тажрыйбасы тууралуу айтып берейин. Эч ким аралыктан окутууга методика, компьютердик, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү даярдап, онлайн системалар менен иштеп көнгөн эмес болчу. Пандемия күтүүсүз келгендиктен ар кайсы мамлекетте ар кандай кыйынчылыктар пайда болду. Анын ичинен Кыргызстанда да мугалимдердин аралыктан окутууга даяр эместиги эң чоң кемчилик болду. Экинчиден, техникалык жабдуулардын жетишсиздиги, интернет сапатынын начарлыгы маселе жаратканын байкадым. Билим берүүдө колдонулган ыкмаларды жаңы «рельске» коюу татаалдыкты жаратты. Алсак, мурда лекция окуп, студенттер менен пикир алмашып келсек, учурда билим берүү бир жактуу болуп калды. Ал эми биздин окуу жайда мындай мүчүлүштүктөр орун алган жок. Студенттер менен заматта байланыш түзүп жаттык. КРда көпчүлүк студенттер смартфон аркылуу билим алгандыктан, тоскоолдуктар жаралса керек. Бул шок абал дагы эле уланып жатат. Алдыда онлайн окутуунун натыйжасы тууралуу сөзсүз изилдөөлөр жүргүзүлүшү кажет.

— Эгерде аралыктан окутуу формасы тандалып алынса, жогорку окуу жайлар дагы кандай өзгөртүүлөргө барышы керек? Окутуучулук курам кайсыл жөндөмдөрүн өнүктүрүшү кажет?

— Университеттер билим берүүдө күтүүсүз өзгөрүүлөргө даяр турушу каректигин көрсөттү. Каникул учурунда университеттер да, студенттер да тийиштүү компьютердик техниканын жардамы менен маалымат алмашууга үйрөнүшү абзел. Теза арада бир канча ыкмаларды, кайтарым байланыш куруунун жолдорун үйрөнүшү керек. Экинчиден, мугалимдер студенттерге кыйынчылык жаралбай тургандай шартта алар менен байланышты кармоонун жолдорун издеши кажет. Бетме-бет окутканда деле студент менен байланышты кармап туруу актуалдуу. Аны онлайн форматта да сактап калуу үчүн мугалимдер ар 15-20 мүнөт сайын кичинекей тапшырма берип, сурамжылоо уюштурса болот. Бул кайсы студенттер сабакка активдүү катышып жатканын көзөмөлдөөгө да шарт түзөт. Демек, мугалимдер студенттер менен байланышты кармап туруунун техникаларын үйрөнүшү зарыл.   

— Онлайн же аралыктан окутуудагы эң маанилүү жагдайлар эмнелер? Видеону тартып эле студентке көрсөтүп койгондо таасири төмөн болуп калбайбы?

— Студент билим алып же албаганын дайыма текшерип, окутуу максатына жеткен-жетпегенин аныктап тууруу эң негизги маселе. Эгерде мугалим бул жагдайды унутта калтырса, окутуунун кандай формасы тандалып алынса да пайдалуу болбойт. Аралыктан окутууда маалымат алуу-берүү, баалоо жана ага карата окутуунун формасын өзгөртүп, иштеши керек. Көпчүлүк мугалимдерде студенттердин кабыл алуусу кандай болуп жатканын баалоого эч бир мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Анткени ал технологияларды талап кылат. Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөй албоо — чоң көйгөй. Онлайн системада сапат маселеси күмөндүү абалда турат, анткени текшерүү кыйын.

— Биз мектепте да бетме-бет отуруп, доскага жазып билим алып көнгөнбүз. Анан окуучулар биздин көзөмөлүбүздүн алдында окушат. Ошол жагын эске алганда, студенттердин эркиндиги кеңейип, билим алууга көңүлкош мамиле кылып калуу коркунучу бар деп эсептейсизби?

— Билим — аны алуудагы аракеттерден көп көз каранды. Демек, студенттин мугалим жебирген маалыматты кабыл алуудагы аракети маанилүү роль ойнойт. Ал аракет күчтүү болушу кажет. Ички кызыгуу, шыктануусу бар студенттер үчүн кабыл алуу жеңил болот. Мындайды барынан күтүү оор. Кыргызстанда негизи масса технологияны көп өздөштүрө аблаганын билдим. Педагог, окуучулардын муктаждыктарын тийиштүү технология менен камсыздап берүүгө аракет кылган топтор пайда болду. Бул абдан жакшы, бирок анын көлөмү өлкөдө чоң эмес. Мындан тышкары, КРда студенттердин талабынын негизинде маалымат берилбей, анын ордуна мугалимдер кайсы бир теманы өтүүгө аракет кылган формада сабак өтөбүз. Ушундай жол менен сабак өткөн мугалим ал ыкмасын онлайнга «көчүрсө» эч нерсени өзгөртпөйт. Студенттерди көзөмөлдөй албагандыктан убактысы текке кетет. Ал эми мурунтан интерактивдүү методдор менен иштеген окутуучулар үчүн маселе бар. Алар байланышты сактап калуунун жолдорун издейт.

— Студенттердин дагы бир көйгөйү — конспект жазуу. Бул зуум менен сабак берилип жаткан учурда да талап кылынды. Сиз эл аралык билим берүүнү көрүп жүрөсүз. Бул ыкма боюнча оюңуз кандай?

— СССР убагында конспект — мугалимдин айтканын көчүрүп жазуу эле. Мен иштеген системада конспект жазуу актуалдуу эмес. Анткени ар бир студенттин китеби бар. Ал бир эле жолу пайдалангандыктан, маанилүү жерлерди китептен белгилеп коёт. Ал эми Кыргызстандын шартында китеп тартыш. Мугалим тандаган китеп студентте жок болушу ыктымал. Андыктан кандайдыр бир маалыматты жазуу студенттер үчүн маанилүү. Окутуучулар мазмундуу жана керектүү конспект жазуунун жолдорун үйрөтүшү зарыл.

— Азыркы жагдайда мугалимдерди бир нерсе үйрөнүүгө кантип шыктандырууга болот? 

— Жалпысынан бир негативдүү эмоциялардын басымында турабыз. Ушул кезде мугалим да, студент да психологиялык жардам издеши керек. Эмоциялык акылдуулук боюнча интернеттен да көп материал тапса болот. Мындан сырткары, иштөө атмосферасын түзүшүбүз абзел. Турмуш кайра калыбына келе баштаган кезге даярдансак, артта калып калбашыбыз керек. Түшүнүү менен бири-бирибизге жылуу мамиле кылып, эмоциялык сезимин сыйлап, жардам бергенге үйрөнүшүбүз кажет. Психологдорго кайрылып, алардын иштешине мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Албетте, өзүбүздү-өзүбүз жеңип, позитивдүү ойлонууга жан үрөшүбүз керек. Бул жерде жеке жоопкерчилик да бар.

— Онлайн окутуу мугалимдердин кадыр-баркын, ошол эле учурда кесипкөй мугалимдер керектигин көрсөттү. Айрыкча, айрым программаларды колдоно албаган мугалимдер болду. Техонологиянын кылымында бул нерсени артта калуу катары бааласак болобу? Кантип мугалимдерди замандан артта калбай, тренддерди пайдалана ала тургандай кылабыз?

— Технологиялык жактан Кыргызстандын окуу жайлары өтө артта калган. Окутуунун онлайн окутуу системаларын, программаларын колдонуу кажет. Биздин окуу жайда сынак алууда да студенттерди мугалимдер эмес, система көзөмөлдөйт. Сынак учурунда студент башын бура турган болсо, система белги берет. Мындан сырткары, студент кайсы жерлерде эреже бузушу мүмкүн экенин белгилеп коёт. Мугалим карап чыгып, күмөндүү деп тапса, кайра башка инструменти колдонуп сынак алат же болбосо сынакка катышканын жокко чыгарат. Колдо бар нерсени колдонолу. Көпчүлүк адамдарда смартфон бар. Аны пайдаланууну өздөштүрүү керек. КРда технологиялык жабдуулар жакшыртууну талап кылат.

— Кыргызстанда санариптешүү саясаты жарыяланган. Бул ЖОЖдордо кандай ишке ашышы керек? Эмнелер ишке ашуусу керек? Бул окуу жайды интернет жана компьютер менен камсыздап коюу менен эле бүтпөсө керек…

— Ар кайсы мамлекет бул маселени ар түрдүү жөнгө салат. Алсак, Америкада окууга контракт төлөп же китеп сатып алгандай эле студенттин компьютери болушу күтүлөт. Университетке келгендерден «китебиң барбы» дегендей эле компьютери бар же жок экени суралат. Мугалим студентинде компьютер жок болуп калышы мүмкүн деп ойлобойт. Эгерде аппарат жок болсо, анда ал студенттин көйгөйү. Бул маданиятты Кыргызстанга да киргизишибиз керек. Баласы студент болсо компьютер керектигин ата-энелердин аң-сезимине киргизишибиз керек. Ар бир ата-эне аракет кылып, уулу үчүн китеп сатып бергендей эле, биринчи кезектеги муктаждык катары, милдеттүү түрдө компьютер сатып алып бериши зарыл. Өлкө колунда жок үй-бүлөлөр үчүн колдоо көрсөтүп, дүйнөлүк фонддордон жардам сураса болот. Ар бир адам жакшы компьютерге ээ болушу кажет, бул — замандын талабы. Биз бут кийим сатып алгандай эле, компьютердин орду да биздин турмушубузда ошондой болушу керек.

— Жогорку окуу жайларында онлайн китепкана да азыркы учурдун талабы. Бул ресурс студенттин бир кесиптин ээси катары калыптанышына канчалык салым кошот жана зарыл? Кыргызстанда бул нерсе канчалык денгээлде жайылган?

— Китеп кандай түрдө болбосун, анын мазмуну маанилүү. Электрондук китептер эбегейсиз чоң маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Өнүккөн мамлекеттерде жашаган адистер жалпы эл үчүн акысыз тиркеме, китептерди жазып, лекцияларды уюштуруп жатат.

— Университеттер жаңы кандай адистиктреди ачып, окутушу керек. Студенттер дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына жооп берип окугандан сырткары дагы эмне кылышы керек?

— Кыргызстандын билим берүү системасы СССРден калган жана фундаменталдуу өзгөртүү болгон эмес. Эмнени окутуу керек деген дайыма чоң көйгөй болот. Дүйнөлүк рынок эмне талап кыларына көңүл буруу кажет. Учурда дүйнөдө адистик талап кылынбайт. Себеби ар бир компания адисти кызматка алган соң үйрөтөт. Азыркы кезде эмгек рыногу жазуу жана сүйлөө билимдүүлүгүн, эл менен баарлашуу жөндөмдүүлүгүн, тайпа менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн талап кылат. Ичке жана кууш адистиктер көп бааланбайт. Анткени адам ийкемдүү, жаңы нерселерди үйрөнүүгө даяр болушу керек. Студентке биринчи кезекте ойлонууну үйрөтүү кажет. Экинчиден, жумшак жөндөмдөрдү: социалдык акылдуулук, маданият, мамиле куруу мүмкүнчүлүгүнө тарбиялоо зарыл. Мындан тышкары, дүйнө таанымы кең, билген нерселерин бат өздөштүрүү жөндөмүн жогорулатуу абзел. Ушул сыяктуу жөндөмдөр дүйнөлүк эмгек рыногуна керек.

— БАЭнин билим берүү системасынан кайсыл жактарын алсак болот? 

— Бул системада буюртма берүүчү ким экени чоң мааниге ээ. Алсак, АКШда буюртма берүүчү рынок бар. Ал эми БАЭ да системаларына буюртма берүүчү мамлекет болуп саналат. Мамлекет ЖОЖдордон эң алдыңкы технология, билим, бардык тармак боюнча лидер болууну күтөт. «Кайсы адис болбосун сөзсүз түрдө биринчи орунга умтулууңарды каалайбыз», — дейт. БАЭ жакында Марска миссия учурду. Ал — эл аралык долбоор. Анда 400 адам катышып, иш алып барды. Бул азыркы технологиянын туу чокусу. БАЭ өкмөтү өз жарандарына, окуучуларына белги берип, «силер ушуну улап кетишиңер керек, даяр болгула» деп жатат. Биз да окуучуларга ушундай чакырык беришибиз керек. Алардан эмне күтөрүбүздү алгач аныктап алуубуз кажет.

— Кантип мугалимдерди замандан артта калбай, тренддерди пайдалана ала турган кылабыз? Мунун түпкүлүгү мугалимдик кесипти тандоого кызыктыруу, кесиптин кадыр баркын көтөрүү муктаждыгында да жатпайбы? Анткени ЖРТдан көп упай алган бүтүрүүчүнүн көбү мугалимдик кесипти тандабайт. Аны кантип колго алабыз?

— Мугалимдерди тренддреди пайдаланууга күчтөп үйрөтө албайбыз, адмнистративдик ресурс колдонууга мүмкүн эмес. Бул жерде мугалимдин кызыгуусу керек, ал үчүн окутуучу өз кесибин баалашы керек. Мугалимдик кесип коомдо престиждүү болсо, бааланат. Ал үчүн финансылык жактан жакшы камсыздалып же социалдык пакеттер каралышы керек. Аны ишке ашыра албаса, мамлекет окутуучуларга өзгөчө статус берип, көтөрүшү зарыл. Коодо мугалимдин ордун түшүндүрүү кажет. Мындан 30 жыл мурда мугалим балдарды окутуучу адам катары каралса, азыр келечекте өлкөнүн экономикасын көтөрүүчү адамдары тарбиялап, даярдаган адис катары баалоого болот. Бул окутуучулук кесиптин престиждүүлүгүн камсыздайт. Натыйжада педагогика багытына көп адамдар тартыла баштайт да сапаттык өсүү пайда болот. Мугалимдердин бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна көп шарт түзүү керек. Ал эми ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдик кесипти тандабоосу коркунуч эмес.

— Кандай адам мугалим болушу керек? 

— Мугалим сөзсүз ЖРТдан жогорку болл алышы керек деген эреже жок. Бул адистин ээси окуучуларды, алар менен иштегенде жакшы көргөн, ошол ишке жөндөмдүү болушу талап кылынат. Окуучулар менен жакшы мамиле түзүп, тил табыша билүүсү маанилүү. ЖРТдан жогорку балл алгандардын баары мындай жөндөмдөргө ээ эмес, бул мугалимдин сапатын аныктабайт. Мыкты балл алган окуучулар жакшы мугалим болот деген күтүү туура эмес. Бирок эмгекчил жаштарды подагогика багытына тартууга аракет болушу керек. Ал үчүн кесип кызыктуу болушун камсыздоо зарыл.

— Алмашуу программаларына келсек. Кыргызстан эл аралык университеттер менен кызматташуусуна кандай баа бересиз? Жана кандай сунушуңуз бар?

— Эл аралык программалардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу кажет. Аларды изилдеп, табуу керек. Анткени ал эл аралык байланыш түзүүгө, дүйнө таанымды кеңетүүгө көп салым кошот. Алсак, мен эл аралык Full bright прогрммасы менен Нью-Йоркто изилдөө кылгам. Аны бүтүп келген соң ОшТУда жергиликтүү университеттердин ортосунда студент алмашуу долбоор баштаганбыз. Ал программа комплекстүү болуп, анын маңызы 5 студент, 2 мугалим АУЦАда бир семестр окуп келип тажрыйбасы менен бөлүшчү. Бул студенттердин кызыгуусун пайда кылган долбоор болду. Биз таланттуу балдар бар экенине күбө болгонбуз. Ушул сыяктуу жергиликтүү деңгээлде алмашуу программаларын ишке ашырууга болот.

— Университеттерде пара алуу маселесин кантип жоюуга болот?

— Мындан иштерге эч кандай аёо болбошу керек. Бул биздин мамлекет ктараы да, эл катары да кадырыбызды кетире турган көйгөй. Американын окуу жайларында пара алуу маселесинде талкуусуз, кескин чаралар көрүлөт. Актоо жок. Эгерде бир окуу жайда пара алуу фактысы далилденсе, ал университеттин жетекчисин ошол күнү кызматтан кетириш керек. Ошондо окуужай тынымсыз, алдын ала көзөмөлгө алып турат. Мен КРде иштеп жүргөн 20 жылда коррупция менен аёосуз күрөшкөн бир эле киши көрдүм. тарыхчы, коомдук ишмер Чынара Жакыпова коомго эрте келген реформатор болду окшойт. Бирок коом эскерип, баалабай да калды. Экинчиден Камиля Шаршекеева да коррупция менен акылдуу күрөштү. Ал системаны өзгөртүүгө аракет кылып, ЖРТны киргизди. Паракордук менен согушуу керек.

— Билим берүү жана илим министерлигине кандай сунуштарыныз бар?

— Министрликке сунуш айтуу үчүн аргумент болушу керек, маалыматтарга негизделиши кажет. Билим берүү системасында иштегендерден маяналары аз, ресурстар да аз. Министрикте мурдагыдай кадрлар да көп эмес, бийлиги да жок. Бирок ушунусу менен баалуу. Натыйжада ЖОЖдор реалдуу эркиндик алып калышты. Окуу жайдын жетекчилери ойлорун ишке ашырып, өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Министрлик горизанталдык жардамдарды уюштурууга жардам берсе жакшы болмок.

— Жождорго кабыл алууда ЖРТ канчалык керекпи?  

— ЖРТ — стандарттык тест. Ал окуучунун билимдүүлүгүн текшербейт, болгону айрым предметтерди кандай өздөштүргөнүн көрсөтөт. ЖРТ адамдын талантын ченей албайт. Билим берүүчү сабактарды алып анан өз кесибин тандашы керек. Американын системасы абдан ийкемдүү, биз да ага өтүшүбүз кажет. ЖРТны минимум босого катары пайдаланышыбыз керек. Ал адамдын билимин толук ченебейт. Андан ары мугалимдин педагогикалык эркиндиги болушу талап кылынат. Эгерде студент өздөштүрбөсө, аны кулатууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Ошол эле учурда студенттердун мугалим тууралуу пикирин билдире ала турган механизмдер болушу зарыл. Студенттерге мугалим тандоо мүмкүнчүлүгүн берген система туура болот.

Exit mobile version