Марал Радиосу

Чаек айылындагы турак үйлөрдүн короолорун суу каптады

Бүгүн, 27-июлда күндүзгү саат 14:30 чамасында кокту-колоттордон келген суулар Нарын облусуна караштуу, Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, жерине куткаруучулар жана атайын техника тартылган, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.