Марал Радиосу

Быйыл Курман айт кандай шартта өтөт? 

Курмандык бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тообо келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-ниматтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле, курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.

Курмандык – адам баласын сараңдыктан жана мал-жандыкты көбөйтүүнүн артынан сая түшүүдөн куткарат. Коомчулуктагы боордоштук, бир туугандык, жардамдашуу, тилектештик, бей-бечараларды кубандыруу сезимдерин өркүндөтөт, жетилтет. Адамдарды өз ара ырайым-сүйүүгө байлайт. Алла Тааланын нимат-жакшылыктарынан бардык пенделердин, бүтүндөй адамзаттын колдонуусун шарттайт. Эң негизгиси Алла Таалага жакын болууга жана Жараткан Кудайдын ыраазычылыгына ээ болууга өбөлгө болот.

Быйыл пандемияга байланыштуу Курман айт кандай шартта өтөт? 

Карызы бар адам курмандык чалса болобу?

Курмандык кимдер үчүн милдет жана анын этин кантип туура бөлүштүрүүгө болот?

Ушул жана башка суроолорго жооп алуу Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактыяр ажы Токтогазы уулу менен маектештик.

— Быйыл Курман айт кандай шартта өтөт?

— COVID-19 инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында быйыл Курман айт намазы окулбайт. Шаарларда эл аянтка чогулбайт. Курмандык чалуу санитардык эрежелерди сактоо шарты менен мурдагыдай тартипте улантылат. 31-июль, 1-2-август күндөрү курмандык чалууга уруксат. Бирок жарандарды тууган, жакын адамдарына айттап, коноктоп баруудан алыс болууга чакырабыз. Курман айтты үй-бүлөлүк майрам катары кабыл алып, ар бир ата-эне өз үйүндө дастаркон жайып, балдарына чакан белек берсе болот.

Ошол эле учурда курмандык чалууга мүмкүнчүлүгү бар адамдарды Кудайдын буйругун так аткарууга чакырам. Анткени Курман айт — сооптуу күндөрдүн топтому. Учурда муктаж адамдар көп, мындан сырткары, карылар үйү, жетим балдар үйлөрү бар. Курмандыктын этинен ошолорго да таратса, өтө чоң сооптуу иш болот.

— Курмандык чалууга шарты жоктор кантип сооп таба алат?

— Ислам дининде садаканын орду чоң, даанышмандыгы бар. Андыктан садака берүү да маанилүү. Садака иретинде да курмандык чалууга болот. Алсак, бир нече киши чогулуп, бир курмандык чалат. Кайрымдуулук иштери менен алектенсе болот.

— Карызы бар адам курмандык чала алабы? 

— Карызы бар адам курмандык чалууга милдеттүү эмес. Бирок карызымдан кутулууга шарт болсо, курмандык чалса, жарай берет. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок адам «кийинки жылы курмандык чалам» деп, Аллахка убада берген болсо, анда кан чыгарууга милдеттүү болуп калат. Же болбосо, базардан кой алып «курмандык үчүн алып жатам» десе, анда ошол малды курмандыкка чалышы керек.

Муфтияттын сайты жарыяланган маалыматтардын негизинде айрым суроолорго жооп алдык.

— Курмандыктын өкүмү кандай?

— Колунда бар бай эркекке да, аялга да курмандык чалуу важиб, тактап айтканда, милдет. Курмандык — бул биздин тирүү жүргөнүбүз үчүн Кудай Таалага болгон шүгүр келтирүү, Ибрахим пайгамбардын мурасын тирилтүү, биздин кетирген ката-кемчиликтерди Алла Таала кечирсин деп кылынган амал. Курмандык амалында «Кудай Тааланын өкүмүн аткарып жатам» деген ниет болуусу зарыл.

— Курмандык чалуунун кандай артыкчылыктары бар? 

— Алла Таала Курани Каримде: «Эми эгеңе (сыйынып) намаз оку жана курмандык чал»,- деп айткан, (Кавсар,2).

Кылынган курмандык үчүн Алланын көптөгөн сооптору бар. Алланын Элчиси (с.а.в.) айткан: «Курмандык күнү Алланын алдында курмандыкка мал союудан өткөн сүйүктүү амал жок. Курмандыкка союлган мал Кыямат күнү мүйүзү, туяктары менен келет (мындайча айтканда анын ар бир мүчөсү үчүн Алла Таала сооп берет). Алла Таала (курмандыкка союлган малдын) канын, кан жерге тамганча кабыл кылат. Ошондуктан курмандыкты чын жүрөктөн, кубануу менен кылгыла».

Ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммдад (сав) «Оо адамдар! Ар бир үй ээси жыл сайын курмандык чалсын» — деп осуят кылган. (Мушкилул аасар,1058).

Дагы бир Али (р.а.) риваят кылган  хадисте Алланын Элчиси (с.а.в.) айтты: «О, Фатима, бар да курмандыкка союлуп жаткан малдын жанында бол, анткени анын канынын биринчи тамчысынын тамуусу менен сенин күнөөлөрүң кечирилет. Жана бул мал (Кыямат күнү) каны эти менен алынып келинет да, сенин таразаңдын (жакшы амалдар) табагына коюлат. Абу Саид (р.а.) сурады: «О, Алланын Элчиси (с.а.в.), бул сооптор Мухаммаддын (с.а.в.) үй-бүлөсүнө элеби, анткени алар бул соопторго ээ болууга көбүрөөк татыктуураак да жана ошондой эле бардык мусулмандар үчүн дагыбы?»- деп сурады Алланын Элчиси (с.а.в.): «Бул сооптор Мухаммаддын (с.а.в.) үй-бүлөсүнө жана бардык мусулмандар үчүн дагы», — деп айтты.

Башка хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кимдин курманчылык кылууга мүмкүнчүлүгү (каражаты) болуп туруп, бирок курбанчылык кылбаса, ал биздин мечитке жакындабасын», — деп айткан.

— Курмандык кайсы күнү чалынат? 

— Курмандык зул-хижжа айынын онунчу, он биринчи жана он экинчи күндөрү айт намазынан кийин чалынат. Курмандыкты айтка чейин чалып, даярдануу — сооптуу иш. Биринчи күнү чалынганы  -артыгыраак. Түндөсү курмандык чалуу — макрух.

— Курмандык кандай мал чалынат? 

— Курмандыкка бодо малдар тактап айтканда төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуу жандыктар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле, жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп, бешке кетиши керек. Уйлар эки жаштан ашкан болушу кажет. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан болушу зарыл. Пайгамбарыбыз (сав): «Койдун козусу кандай жакшы курмандык», — деп айткан, (Тирмизи,1499).

Курмандыкка чалынчу мал бүтүн болушу зарыл. Тактап айтканда, сокур, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилген мал курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган жандык курмандыкка жарайт. Мындан сырткары, мал өтө алсыз болуп, курмандык чалына турган жерге өзү басып бара албаса, анда курмандыкка жарабайт.

— Курмандык кылуунун адеби кандай?  

— Курмандыкка союулуучу мал кыбылага каратып жаткырылат, андан соң төмөндүгү дуба окулат:

“اني وجهت وجهي للذي فطر السموات و الارض حنيفا ومآ انا من المشركين * ان صلاتي  ونسكي و محياي ومماتي لله رب العالمين* لا شريك له وبذلك امرت وانا من المسلمين اللهم منك لك

Курмандык малы союлуп бүткөндөн кийин төмөндөгү дубаны окуу зарыл:

اللهم تقبله مني كما تقبلت من حبيبك محمد وخليلك ابراهيم عليهما السلام.»

Курмандыкты соёрдун алдында бычакты жакшылап курчутуп алуу керек, бирок малдын жанында туруп курчутпаш керек. Малды сойгондо эки күрөө тамырын, кызыл өңгөчүн жана кекиртегин кесүү жетиштүү жана сөзсүз милдеттүү болуп эсептелет, бирок малдын жаны чыга электе жүлүндөөгө болбойт. Малдын жаны толук чыккандан кийин гана териси сыйрылып, жиликтелет.

Курмандыкка союулуучу малды саап жана жүнүн кыркууга болбойт. Эгерде ким саап сүтүн ичип койгон болсо, саалган сүттүн наркындай садака берип коюу керек.

Курмандык канча адамдын атынан чалынат?

Кой менен эчкинин курмандыгы жалгыз адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адамга чейин же андан кем адам чалуусу зарыл. Жети адамдан ашса болбойт.

Этти кандай бөлүштүрүү керек? 

Курмандыкка союлган малдын эттин барын садака кылып берсе болот. Ошондой барын алып калса да болот. Бирок, эң жакшысы үчтөн бирин садака кылып, дагы 3/1 бөлүгүн туугандарына жана досторуна коноктогону алып, калган үчтөн бирин өзүнө сактап койсо болот. Курмандыкка союлган малдын этин мусулмандарга да жана ошондой эле мусулман эместерге да берүүгө болот.

Курмандыктын терисин, этин, жүнүн, баш-шыйрактарын сатканга болбойт. Пайгамбарыбыз (сав): «Ким курмандыктын терисин саткан болсо, анда анын курмандыгы жарабайт», –деп айткан, (Таргиб ваттархиб,2/161, Хаким, 2/422).

Ошондой эле, касапчынын акысы курмандыктан берилбейт.

Exit mobile version